• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Россияда кыргыз жарандарынын катышуусунда жол кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 15.01.19. /Кабар/. Россиянын Рязань облусунун Шацк районунун М5 унаа жолунда 14-январь күнү Кыргызстандын жарандарынын катышуусу менен жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу Кыргызстандын РФгы элчилигинин басма сөз кызматынан кабарлашкан.

Маалыматка ылайык, аталган жолдо “Газель-Валдай” жүк ташуучу жана “Жигули” жеңил унаалары кагылышкан.

Жеңил унааны Кыргызстандын 1996-жылы туулган А.У. аттуу жараны башкарып келе жаткан.

Айдоочу башынан жарат алып, учурда оор абалда ооруканада жатат.

Ал эми анын жанындагы бир тууган агасы 22 жаштагы А.Н. аттуу жаран жеңил жарат алган.

Азыркы учурда Россиянын укук-коргоо органдары тарабынан тергөөгө чейинки иш-чаралар жүргүзүлүүдө, анын жыйынтыгында кылмыш ишинин козголушу тууралуу процессуалдык чечим чыгарылат.

“Элчилик тергөөчү менен толук байланышта. Бул маселе көзөмөлгө алынган”, - деп берилет маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий