• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Россиядагы элчилик: Добуш берүү уланууда, адамдардын тыгыны байкалган жок

Шайлоо 2020 0

Бишкек, 04.10.20. /Кабар/. КРнын РФдагы элчилигинин басма сөз кызматы билдиргендей, саат 18:05ке карата (Москва убактысы боюнча) Москвадагы ШКУларда санитардык-эпидемиологиялык талаптардын сакталышын эске алуу менен шайлоо процесси кадимкидей уланууда.

Элчиликтин маалыматына караганда, көз карандысыз байкоочулар жана саясий партиялардын байкоочулары тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарынын бузулушу шайлоо участкаларында катталган жок.

Адамдардын тыгыны байкалган жок.

Азыркы учурда БШК төрайымынын орун басары Ж. Эшимовдун айтымында, Кыргызстандын Россия Федерациясындагы элчилигинин 3 шайлоо участкасында 3 813 Кыргыз Республикасынын жарандары добуш берди. Ошол эле учурда, жалпысынан Москвадагы шайлоо участкаларында 9 030 шайлоочу тизмеге катталган.

Шайлоону көзөмөлдөө үчүн Москвадагы ШКУларда 42 байкоочу катталды.

Кыргыз Республикасынын МККнын жана Кыргыз Республикасынын БШКнын өкүлдөрүнүн мобилдик топтору кеңештерди беришти, кыргыз жарандарынан Кыргыз Республикасынын БШКсынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын атына шайлоочулардын тизмесинде жоктугу жөнүндө 30дан ашык арыздар келип түштү.

"Жарандардын өздөрүн шайлоочулардын тизмесинен табуусуна жана шайлоо комиссиясынын санын аныктоого жардам берүү, ошондой эле маалымат берүү максатында кыргыз диаспорасынын активисттери, студенттер жана жаштардын ичинен 70тен ашык ыктыярчылар кызмат кылууда", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий