• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

БШК каза болгон жаран добуш берди деген маалыматты төгүндөдү

Шайлоо 2020 0

Бишкек, 04.10.20. /Кабар/. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Тынчтык Шайназаров №1041 шайлоо тилкесинде каза болгон жаран добуш берди деген маалыматты төгүндөдү.

"№1041 шайлоо тилкесинде каза болгон киши добуш берди деген маалымат тарады. Ал боюнча текшерүү жүргүзүлүп, участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасынын айтымында, каза болгон жаран добуш берди деген маалымат тастыкталган жок. УКМК да бул маалыматты текшерип, ал маалымат ырасталган жок", - деди ал.

Анын айтымында, учурда БШКнын ыкчам чара боюнча координациялык тобуна 79 арыздануу келип түштү.

Пикир

Оставить комментарий