• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Россиянын субъекттеринде көк бөрү федерацияларын ачуу караштырылууда

Спорт 0

Бишкек, 28.03.19. /Кабар/. Россиянын субъекттеринде көк бөрү федерацияларын ачуу караштырылууда. Бул тууралуу Улуттук спорт түрлөрү боюнча дирекциясынын башчысы Айбек Ажыгулов менен Россиядагы Ат оюндары федерациясынын өкүлү Нурбек Курманалиевдин жолугушуусунда айтылды.

Курманалиев белгилегендей, алар көк бөрүнү эл аралык деңгээлде өнүктүрүүгө бүт аракетин жумшап жатышат.

"Россиянын субъекттеринде көк бөрү федерацияларын ачууга басым жасап жатабыз. Ал чет жерде биздин спорттун өнүгүшүнө түрткү берет", - деди ал.

Сүйлөшүү аяктагандан кийин Ажыгулов, Курманалиевге улуттук ат оюндарын жайылтууга жана өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ардак грамота тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий