• 88.68
  • 95
  • 0.95

Өрт өчүрүүчүлөр теория жана практикалык аттестациядан өтүүгө милдеттендирилет

Коом 0

Бишкек, 19.01.21. /Кабар/. Бүгүн, 19-январда өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев аппараттык кеңешме өткөрдү, - деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, жыйындын жүрүшүндө 2021-окуу жылына карата ӨКМдин аскер кызматкерлеринин күжүрмөн даярдыгын жана тажрыйбалуулугун артыруу максатында болуп өткөн машыгуунун натыйжасында аскер кызматкерлеринине канаатандыраарлык баа берилди.

Кеңешмеде өрт өчүрүүчү унааларды оңдоп-түзөп, аяр мамиле жасоо айтылды.

“Мындан ары, пландаштырылган убакытта өрт өчүрүүчүлөргө теория жана практикалык аттестациядан өтүү милдеттендирилип, кызматкерлердин билими, жаш курагы жана физикалык даярдыгы тыкыр текшерилип турат", –деди Ажикеев.

Ошондой эле жыйында 2021-жылы КРдин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы жана Өрт өчүрүү кызматынын түзүлгөндүгүнүн 95 жылдыгын белгилөө боюнча тапшырмалар берилди.

Пикир

Оставить комментарий