• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Руслан Акылбеков Бишкектин вице-мэри болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 09.02.21. /Кабар/. Акылбеков Руслан Акылбекович Бишкек шаарынын транспорт жана муниципалдык менчик боюнча вице-мэри болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кол койду. Бул туралуу шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Мындан мурда Акылбеков жеке юридикалык жана финансы компаниясынын директору болгон. 2012-жылы Биринчи май районунун акиминин орун басары кызматын аркалап, мамлекеттик жана жеке уюмдарда башкаруу багыттарында иштеген.

Пикир

Оставить комментарий