• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти ишкерлерди кызматташууга чакырат

Коом 0

Бишкек, 05.02.24. /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти ишкерлерди кызматташууга чакырат.

Ведомстводон билдиришкендей, аталган департамент карантиндик зыяндуу организмдердин ташылып келишинен, киришинен, жана/же жайылышынан коргоо, пестициддер жана агрохимикаттар менен коопсуз иштөөнү камсыз кылуу, айыл чарба өсүмдүктөрүн зыянкечтерден, илдеттерден жана отоо чөптөрдөн коргоо иштерди жүзөгө ашыруучу орган болуп саналат.

Департамент Кыргызстандын бардык юридикалык жана жеке жактары менен активдүү кызматташууга (кызматташуу жөнүндө меморандум түзүүгө) кызыкдар экендигин билдирүү менен, 2024-жылдын жазгы талаа жумуштарына республиканын дыйкандарын жана фермерлерин, айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн, сапаттуу органикалык-минералдык, минералдык жер семирткичтер жана өсүмдүктөрдү коргоо каражаттары менен жеткиликтүү баада жана өз убагында үзгүлтүксүз камсыздоого чакырат.

Ошону менен эле бирге, контрафактык жана жасалма жол менен жасалган агрохимикаттарды жайылтуу механизмине жол бербөө менен, агрохимикаттардын бааларын негизсиз жогорулатууга мүмкүнчүлүк бербөөнү сунуштайт.

Пикир

Оставить комментарий