• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Саат 14:00гө карата шайлоочулардын 18,5%ы добуш берди

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 10.01.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Саат 14:00гө карата башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумга 661 миң 552 (18,55%), президенттик шайлоодо 661 миң 501 (18,56%) жаран добуш берди. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Анын айтымында, президенттик шайлоого аймактар боюнча алганда Бишкекте 72 миң 766, Ош шаарында 35 миң 226, Жалал-Абад облусунда 126 миң 830, Ысык-Көл облусунда 67 миң 274, Нарын облусунда 41 миң 336, Ош облусунда 134 миң 397, Талас облусунда 27 миң 666, Чүй облусунда 92 миң 246, Баткен облусунда 58 миң 764 жана чет өлкөлөрдө 4 миң 966 жаран добуш берди.

Ал эми референдумга аймактар боюнча алганда Бишкекте 72 миң 50, Ош шаарында 35 миң 255, Жалал-Абад облусунда 126 миң 763, Ысык-Көл облусунда 67 миң 287, Нарын облусунда 41 миң 306, Ош облусунда 134 миң 884, Талас облусунда 27 миң 658, Чүй облусунда 92 миң 276, Баткен облусунда 58 миң 765 жана чет өлкөлөрдө 4 миң 908 жаран добуш берди.

Белгилей кетсек, президенттик шайлоо жана референдумга 3 млн 563 миң 574 жаран катыша алат.

Пикир

Оставить комментарий