• 88.68
  • 95
  • 0.95

Садыр Жапаров ЕЭК министри Сергей Глазьевди кабыл алып, “Данакер” ордени менен сыйлады

Президент 0

Бишкек, 11.02.22 /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-февралда, Евразиялык экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча министри Сергей Глазьевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Евразиялык экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) алкагында биргелешкен ишмердүүлүктүн жана Кыргызстандын ЕАЭБ органдарында төрагалык кылуусунун актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасы Евразиялык экономикалык биримдик алкагындагы интеграция маселелерине өзгөчө маани берерин, бул өлкөбүздүн тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин дагы бир жолу белгиледи.

Ал белгилегендей, Кыргызстандын ЕАЭБ органдарына төрагалык кылган жылын инвестициялык жана кооперациялык кызматташууну чыңдоого, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө жана транспорт коридорлорун өнүктүрүүгө арноо маанилүү.

Президент Садыр Жапаров, Жогорку кеңештин мүчөлөрү Евразиялык экономикалык форумду ушул жылдын май айында Бишкекте Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынынын алдында өткөрүү чечимин кабыл алышканын эске салып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен ЕЭКтин тыгыз биргелешип иштөөсүнүн зарылдыгын белгиледи.

Өз кезегинде ЕЭК министри Сергей Глазьев мамлекет башчысына жылуу кабыл алгандыгы жана Комиссиянын артыкчылыктуу тапшырмалары жөнүндө айтуу мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Анын айтымында, ал май айына белгиленген Евразиялык экономикалык форумдун программалык комитетинин жетекчиси болуп дайындалып, бүгүнкү күндө анын алкагында Форумдун программасын кабыл алуу зарыл.

Сергей Глазьев Кыргызстандын президентинин ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин башчыларына кайрылуусунун контекстинде талкуунун негизги максаттары катары даярдоо байланыштарын кеңейтүү жана инвестициялык кызматташууну оптималдаштыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгууну койуп жатканын билдирди. Евразиялык интеграциянын символу боло турган инновациялык долбоорлорго көп көңүл бурулууда. Ошондой эле, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин мыкты жетишкендиктеринин көргөзмөсү да пландалууда.

Ал бул биринчи Евразиялык экономикалык форум болорун, аны жогорку деңгээлде өткөрүү маанилүү экенин белгиледи.

Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров да катышкан баарлашуу учурунда экономиканы өнүктүрүүнү тездетүү, кредиттик механизмдерди оптималдаштыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу, инвестициялык активдүүлүктү колдоонун маанилүүлүгү белгиленди.

Жолугушууну жыйынтыктап жатып президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасын ЕАЭБке интеграциялоого, ошондой эле Кыргызстан менен Биримдикке мүчө мамлекеттердин ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон чоң салымы үчүн ЕЭК министри Сергей Глазьевди “Данакер” ордени менен сыйлады.

Пикир

Оставить комментарий