• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Садыр Жапаров: Кыргызстан Японияны жакын жана дос-өнөктөш катары карайт

Президент 0

Бишкек, 20.11.23./Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн Токио шаарында Япониянын премьер-министри Фумио Кисида менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн билдирүү жасады.

Анда мамлекет башчысы төмөнкүлөрдү белгиледи:

Урматтуу премьер-министр мырза,

Кымбаттуу достор,

Айымдар жана мырзалар,

Биринчи кезекте, Япониянын премьер-министри урматтуу Фумио Кисида мырзага Японияга расмий сапар менен келүүгө чакырганы үчүн дагы бир жолу ыраазычылык билдиргим келет.

Ошондой эле япон тарапка салттуу меймандостугу жана биздин делегациянын сапарын уюштуруунун жогорку деңгээли үчүн ыраазычылык билдирем.

Бүгүн мен Япониянын премьер-министри Фумио Кисида мырза менен толук, мазмундуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздүм, анын жүрүшүндө биз эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелеринин кеңири тизмесин талкуулай алдык.

Белгилей кетсем, Кыргызстан Японияны демократиялык өнүгүүнүн, саясий жана соода-экономикалык кызматташуунун жалпы баалуулуктарын бөлүшкөн жакын жана дос-өнөктөш катары карайт.

Биз Кыргыз Республикасы менен Япониянын ортосундагы жаңы доордогу достук жана ар тараптуу өнөктөштүк жөнүндө Биргелешкен билдирүүгө жана башка бир катар маанилүү документтерге кол койдук.

Ушуга байланыштуу, канааттануу жана ишеним менен бул сапар кыргыз-япон эки тараптуу мамилелеринин бүтүндөй комплексине оң таасирин тийгизет деп билдирем.

Кыргызстан жана Япония дүйнөлүк туруктуулукту бекемдөөгө жана башка өлкөлөр менен кызматташууга чоң маани беришет. Биз конструктивдүү диалог жүргүзүүгө жана аймактагы туруктуулукту жана гүлдөп-өнүгүүнү камсыз кылуу үчүн жалпы чечимдердин үстүндө иштөөгө даярбыз.

Биздин жолугушуу Кыргыз Республикасы менен достук Япониянын ортосунда түзүлгөн достуктун, ишенимдин жана өз ара түшүнүшүүнүн негизги принциптерин тастыктады деп эсептейм.

Кыргызстан менен Япония бири-биринен алыстыкта турганы менен, биздин мамилелерибиздин алга карай өнүгүшүнө эч нерсе тоскоол болбойт.

Бүгүнкү жолугушуу биздин өлкөлөр жана элдер ортосундагы ар тараптуу өнөктөштүк мамилелерди мындан ары жемиштүү өнүктүрүүгө жана тереңдетүүгө түрткү берет деп ишенем.

Көңүл бурганыңыздарга рахмат”.

Пикир

Оставить комментарий