• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жапаров менен Путин тогуз кыргыз-орус мектебинин курулушуна старт берди

Президент 0

Бишкек, 01.09.23./Кабар/. Президент Садыр Жапаров менен Россиянын президенти Владимир Путин видеобайланыш форматында Кыргызстандагы алгачкы биргелешкен кыргыз-орус үч мектептин курулушуна старт берди.

Долбоорго ылайык, эң алдыңкы технологиялар менен жабдылган тогуз заманбап билим берүү мекемеси өлкөнүн бардык облустарында, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларында курулат.

Бишкек, Баткен жана Караколдогу алгачкы үч мектепти 2025-жылдын сентябрында пайдаланууга берүү пландалууда.

Ишке киргизүү аземин ачып жатып, Садыр Жапаров 2025-жылдын 1-сентябрына карата бул мектептер кыргызстандык окуучулар үчүн эшигин ачарын белгиледи.

“Бүгүн Кыргызстандын жана Россиянын бардык мектептери эшигин кенен ачып, окуучуларды кабыл алууда. Өлкөбүздө 150 миңден ашык окуучу мектеп босогосун биринчи жолу аттады. Өлкөбүздүн ар бир облусунда жана Бишкек, Ош шаарларында Владимир Владимировичтин жеке колдоосу менен ар бири 1224 орунга эсептелген 9 заманбап мектеп курула турганын кубанычтуу белгилеймин. Мектептер бардык зарыл нерселер менен камсыздалат, анын ичинде жогорку технологиялык жана заманбап жабдуулар, бассейндер, спорттук эс алуу жайлары”, - деди Садыр Жапаров.

Ошону менен катар, президент бул мектептердин бүтүрүүчүлөрүнө эки өлкөнүн атестаттары берилерин белгиледи. Жаңы мектептерде окуу орус тилинде жүргүзүлүп, окуу программасы эки өлкөнүн мамлекеттик стандарттарынын негизинде түзүлөт.

Мамлекет башчысы Россия менен билим берүү тармагындагы кызматташтык бекемдеп, жемиштүү болуп жатканына канааттануу менен көңүл бурду. 1992-жылдан тартып Кыргызстан менен Россия билим жана илим тармагында тыгыз кызматташып, өлкөлөр ортосунда студент алмашуу боюнча программаларын кеңири колдонуп келе жатышат.

Президент Садыр Жапаров биргелешкен кыргыз-орус мектептерин түзүү эки өлкөнүн жарандарынын жаркын келечеги үчүн узак мөөнөттүү чоң жаратман иштердин башталышы гана экендигине ишенимин билдирди.

Өз кезегинде Россиянын президенти Владимир Путин мектептер эң алдыңкы технологиялар менен жабдыларын, бул окуу процессин ыңгайлуу кылып, кызыктуу өткөрүүгө жардам берерин баса белгиледи. Мектеп имараты бардык коопсуздук стандарттарына ылайык, анын ичинде өлкөнүн өзгөчөлүгүн жана сейсмикалык тобокелдиктерди эске алуу менен долбоорлонгон. Сабактарды Россиянын жогорку окуу жайларында атайын окуудан өткөн эки өлкөнүн мугалимдери берет.

Владимир Путин жаңы орус мектептери өсүп келе жаткан муундарды ар тараптуу тарбиялоого жана билим берүүгө, ошондой эле эки мамлекеттин элдеринин достук жана өз ара түшүнүшүү салттарын тереңдетүүгө салым кошоруна ишенимин билдирди.

Өлкө лидерлери Кыргызстанда орус тилине болгон кызыгуу өсүп жатканын белгилешип, эки өлкөнүн бардык окуучуларын, алардын ата-энелерин жана мугалимдерин Билим күнү менен куттукташты.

Пикир

Оставить комментарий