• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ибраев Нарын электр тармактар ишканасынын кышка даярдыгын текшерди

Аймак 0

Бишкек, 01.09.23. /Кабар/. Энергетика министри Таалайбек Ибраев Нарын электр тармактар ишканасынын Нарын, Тянь-Шань, Ат-Башы РЭТнын жана 110/35/10 кВ "Нарын-1" көмөк чордонунда болуп, кышка даярдыгы менен таанышты.

Ведомстводон билдиришкендей, министр Нарын шаардык электр тармактар ишканасынын кызматкерлери менен жолугушууда жаңы имарат куруу, штаттык бирдик маселеси, мнемосхеманы заманбап түрүнө жаңыртуу, атайын техникалардын жеткиликтүүлүгүн боюнча маалымат алып, тийиштүү жетекчилерге тапшырма берди.

Мындан тышкары, Нарын ЭТИнин шаар ичинде орнотулган, бирок балансында жок трансформаторлорду баланска алууну тапшырды. Ишкананын жетекчисинин айтымында, Нарын РЭТнин 9646 абоненттин ичинен 7900ү "Мой свет" тиркемеине катталып, азыркы учурда колдонуп жаткандыгын билдирди.

Министрдин кийинки сапары 110/35/10 кВ "Нарын-1" көмөк чордонунда болуп, анда жаңы орнотулган 40 мВА жаңы трансформаторуна жеринен баа берди.

Ал эми Тянь-Шань РЭТде энергетиктер менен болгон жолугушууда дебитордук карыздарды өндүрүү, бригадалык автоунаа маселеси көтөрүлүп, министр чечип берүү убадасын берди. Ошондой эле, капиталдык курулуштун негизинде салынып жаткан темирбетондук цехтин куруу иштерин тездетүүнү тапшырды.

Министрдин соңку жумушчу сапары Ат-Башы РЭТде уланып, 110/35/10 кВ "Ала-Тоо" көмөк чордонун, мекеме, оңдоп-түзөө цехинин жалпы абалы менен таанышты.

Анда Ибраев быйылкы жылга атайын техникадан манипулятор алып берүү убадасын берип, ал эми кийинки жылга капиталдык курулуштун эсебинен жаңы оңдоп-түзөө цехин жана Баш-Кайыңды айылына 35 кВ көмөк чордонун куруу иштерин пландоо боюнча тапшырма берди.

Ошондой эле күз-кыш мезгилине даярдыкты, алдын ала көмүр даярдоогу тапшырып, ишкананын кампаларын кыдыруу менен авариялык запастын толуктугун текшерип, "жакшы" деген баа берди.

Пикир

Оставить комментарий