• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Садыр Жапаровдун Фейсбуктагы баракчасын бузуу чет өлкөдөн жүргүзүлгөн – УКМК

Коом 0

Бишкек, 04.03.21. /Кабар/. Президент Садыр Жапаровдун Фейсбуктагы баракчасын бузуу чет өлкөдөн жүргүзүлгөн. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен (УКМК) билдиришти.

Маалыматка ылайык, президенттин "Фейсбук" социалдык тармагындагы жеке баракчасын бузуу фактысы боюнча текшерүү жүрүп жатат.

"Такталган маалымат боюнча, баракчаны бузуу чет өлкөдөн жүргүзүлгөн. Учурда бул окуя боюнча тиешелүү иш-чаралар жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, буга чейин Кыргыз Республикасынын президентинин басма сөз катчысы Галина Байтерек социалдык тармактардагы мамлекет башчысынын баракчасындагы акыркы комментарийлерге байланыштуу түшүндүрмө берген.

Пикир

Оставить комментарий