• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Садыр Жапаровдун туулган күнүнө карата куттуктоолордун келип түшүүсү уланууда

Саясат 0

Бишкек, 06.12.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаровдун туулган күнүнө карата чет мамлекеттердин жана өкмөттөрдүн башчыларынан, эл аралык уюмдардын жетекчилеринен жана башкалардан куттуктоолор келип түшүүдө. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Венгриянын президенти Каталин Новак мамлекет башчысын туулган күнү менен куттуктады.

«Туулган күнүңүзгө карата жакшы каалоолорумду билдирүүгө уруксат этиңиз, Сизге жылдар бою чың ден соолукта болуп, ийгиликтер коштолуп, үй-бүлөңүз менен чогуу бакубат, кубанычтуу майрамдарды өткөрүшүңүздү каалайм.

Ушул жылдын февраль айында Будапештке болгон расмий сапарыңызды кубаныч менен эстейм, анын жүрүшүндө бир катар эки тараптуу келишимдерге кол коюу менен биз өлкөлөрүбүздүн ортосундагы мамилелердин динамикалуу өнүгүшүн дагы бир жолу көрсөттүк. Венгриянын Президенти катары мен эки тараптуу мамилелерибизди мындан ары да бекемдөө үчүн бардыгын жасайм», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Түркмөн элинин Улуттук Лидери, Түркмөнстандын Халк Маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады.

"Биз Түркмөнстан менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы боордоштук мамилелерге өзгөчө көңүл бурабыз. Биздин мамилелер мындан ары да элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн туруктуу негизде бекемделет деп ишенебиз. Ушул жагымдуу мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Сизге, урматтуу Садыр Нургожоевич, чың ден соолук жана жеке бакыт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын боордош элинин жыргалчылыгы үчүн бардык аракеттериңизде жана умтулууларыңызда жаңы ийгиликтерди каалайм", - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Садыр Жапаровдун атына куттуктоо телеграммаларын Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович, Шанхай Кызматташтык Уюмунун Башкы катчысы Чжан Мин, Түрк мамлекеттер уюмунун Башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиевдер да жөнөтүштү.

Пикир

Оставить комментарий