• 88.68
  • 95
  • 0.95

Садыр Жапаровдун Ысык-Көл облусуна болгон иш сапары жыйынтыкталды — фоторепортаж

Президент 0

Бишкек, 21.08.21./Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Ысык-Көл облусуна иш сапары жыйынтыкталды, - деп билдирет президенттин басма сөз кызматы.

Мамлекет башчысы иш сапарын чыгаан мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун кичи мекени Ысык-Көл районунун Жаркынбаев айылында орнотулган эстелигине гүл коюу менен баштады. Быйыл республика кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө маанилүү салым кошкон инсандын 120 жылдыгын белгилейт.

Садыр Жапаров Түп районундагы 200 жумуш орундуу тигүү фабрикасынан кабар алды. Фабрика «Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун» кошумча каржылоосу менен ишке кирген.

Президент жергиликтүү тургундар менен баарлашып, аларды тынчсыздандырган бардык суроолорго жооп берди.

Каракол шаарында Президент өлкөнүн көрүнүктүү инсандары — Кусейин Карасаев, Касым Тыныстанов жана Жусуп Абдрахмановдун эстеликтерине гүл коюп, ошондой эле Кусейин Карасаевдин музей-мемориалдык комплексинде болду.

Каракол шаарындагы борбордук аянтта Жусуп Абдрахманов, Касым Тыныстанов жана Кусеин Карасаевдин 120 жылдыгына арналган тарыхый-даректүү көргөзмө жана салтанаттуу иш-чара уюштурулду.

Андан соң Садыр Жапаров Жети-Өгуз районундагы продукциясы Казакстан, Өзбекстан жана Россия базарларына экспорттолгон заманбап тигүү фабрикасына барды. Аталган ишкананын ишке кирүүсү да «Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун» кошумча каржылоосу менен ишке ашкан.
Мындан сырткары, Мамлекет башчысы Балыкчы-Барскоон тилкесиндеги оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшү менен таанышты. Үстүбүздөгү жылы 25 км жол тилкесинде курулуш иштери пландалган.

Иш сапарын жыйынтыктаган Президент Садыр Жапаров бүгүн Бишкекке кайтып келди.

Пикир

Оставить комментарий