• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова Эрдогандын колунан сыйлык алды

Коом 0

Бишкек, 01.11.22. /Кабар/. Түркиянын Стамбул шаарында Түрк медицинасынын VIII дүйнөлүк конгресси өтүп, ага Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова катышты. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын алкагында “Медицинанын тарыхына жана жалпы мураска таазим” сыйлыгын тапшыруу аземи болуп, ага Түркия мамлекетинин президенти Режеп Тайип Эрдоган катышты.

Сыйлык тапшыруу аземинде Түрк мамлекеттеринин уюмуна мүчө өлкөлөрдүн саламаттык сактоо министрлери өз өлкөлөрүнүн саламаттык сактоо кызматкерлеринин атынан Режеп Тайип Эрдогандын колунан сыйлыктарды алышты. Сыйлыкты Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова да алды.

Пикир

Оставить комментарий