• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Салык кызматы 2021-жылы салыктарды өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн 3,9 миң айып салган

Коом 0

Бишкек, 11.02.22. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы 2021-жылы салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызды өндүрүү боюнча иштер тууралуу маалымдайт.

2022-жылдын 1-январына карата салык карызынын суммасы 25,2 млрд сомду, камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыз 2 млрд 37,3 млн сомду түздү.

Республиканын салык органдары 2021-жылы карызды мажбурлап өндүрүү боюнча тийиштүү иштерди жүргүзүшкөн. Көрүлгөн чаралардын натыйжасында салык карызы боюнча 5 млрд 397,9 млн сом, камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздан 1 млрд 386,1 млн сом түшкөн.

Салык төлөөчүлөргө 15 млрд сомго 74 миң 195 чечим тапшырылып, анын 4,6 млрд сому өндүрүлгөн.

Салык төлөөчүлөрдүн алыш-бериш эсебине 2 млрд сом суммасында 2 миң 464 салыктык төлөм талабы коюлуп, анын 481,6 млн сому өндүрүлгөн.

Бюджетке салыктарды өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн 8,4 млн сомго 3975 айып салынып, 6,5 млн сом өндүрүлгөн.

Учурда Мамлекеттик салык кызматы карыздын негизги суммасы төлөнгөн учурда чегерилген айыптарды, санкцияларды жана туумдарды эсептен чыгаруу жолу менен салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызды кайра түзумдөштурүү иштерин жүргүзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий