• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Салык кызматы Бишкектен лицензиясыз 4,5 миң бөтөлкө алкоголь тартып алды

Коом 0

Бишкек, 15.03.22. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы Бишкектен лицензиясыз 4,5 миң бөтөлкө алкоголь тартып алды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ыдайык, МСКнын кызматкерлери Бишкек шаарындагы рейддик иш-чаранын жүрүшүндө сатуу максатында уруксат берүүчү документтери (лицензиясы) жок алкоголдук продукция саткан бир ЖЧКнын кампасын аныкташты.

Натыйжада жалпы суммасы 978,3 миң сомго ар кандай аталышта жана идиште 4 миң 475 бөтөлкө алкоголь тартып алынды.

Белгиленгендей, ишкердик субъектке карата КР мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий