• 88.68
  • 95
  • 0.95

Салык кызматы Ошто контрафакттык тамеки жана алкоголду сатууга бөгөт койду

Аймак 0

Бишкек, 01.04.22. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Ош шаарынын аймагында ар кандай аталыштагы жана маркадагы контрафакттык алкоголдук продукциялардын жана контрабандалык тамекилердин сатылышына бөгөт коюшту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдирди.

Алсак «Шоколад» базарынын аймагында жүргүзүлгөн рейддин жүрүшүндө жергиликтүү алкоголдук өндүрүүчүлөрдүн (АЮ, Кыргыз конягы, Семетей ж.б.) кустардык өндүрүштөгү алкоголдук продукциясын сактоо, сатуу фактысы аныкталган.

Мыйзамсыз жүгүртүүдөн 600дөн ашык бөтөлкө алкоголдук продукция жана 266 таңгак тамеки тартып алынды.

Ишкерлерге карата КР мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий