• 88.68
  • 95
  • 0.95

Сел жүрүшү мүмкүн. ӨКМ чукул билдирүү таратты

Коом 0

Бишкек, 05.04.23. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) сел жүрүү коркунучуна байланыштуу билдирүү таратты.

Кыргызгидромет кызматынын маалыматына ылайык, 6-9-апрель күндөрү өлкө аймагында туруксуз аба ырайы күтүлүп, нөшөрлүү жамгыр жаашы ыктымал. Буга байланыштуу Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Кырсык катталган учурда жарандар 112 кызматына байланышса болот, чалуу күнү-түнү акысыз.

Пикир

Оставить комментарий