• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Шайлоо 2021: Эртең участкадан тышкары добуш берүү өтөт

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 26.11.21. /Кабар/. Эртең, 27-ноябрда, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун участкадан тышкары добуш берүүсү өтөт. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.

Парламенттик шайлоодо бирдиктүү шайлоо округу боюнча шайлоочуларга добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берүү тууралуу 13 миң 396 арыз келип түштү:

• Баткен облусу – 856;
• Ош облусу – 4 114;
• Жалал-Абад облусу – 2 700;
• Талас облусу – 480;
• Чүй облусу – 1 550;
• Бишкек ш. – 1 963;
• Нарын облусу – 1 076;
• Ысык-Көл облусу – 657.

Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча 12 785 арыз келип түштү:

• Баткен облусу – 836;
• Ош облусу – 4034;
• Жалал-Абад облусу – 2 571;
• Талас облусу – 329;
• Чүй облусу – 1 550;
• Бишкек ш. – 1 784;
• Нарын облусу – 1 024;
• Ысык-Көл облусу – 657.

АШКсынын маалыматы боюнча, жергиликтүү кеӊештин депутаттарын жайдан тышкары шайлоо үчүн 53 шайлоочу, Тогуз-Торо АШК - 4, Чаткал АШК - 0 шайлоочу, Аксы АШК - 58, Кара-Суу АШК - 81 шайлоочу арыз беришти.

Маалымат үчүн: Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоо тууралуу» конституциялык Мыйзамынын 33-беренесине ылайык, добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүгө шайлоочулардын тизмесине кирген, бирок добуш берүү үчүн шайлоо участкаларына келүүгө ден соолугуна же майыптыгына байланыштуу келе албаган шайлоочулар добуш берүүгө укуктуу. Ошондой эле:
• добуш берүү күнү ооруканада жаткан, шектүүлөрдү жана айыптууларды кайтаруу алдында кармоочу жайлардагы шайлоочулар;
• алыскы жана жетүү кыйын болгон райондордо, алыскы мал жайыт участокторунда убактылуу жашаган шайлоочулар;
Өзгөчө учурларда тиешелүү шайлоо комиссиясынын чечими боюнча:
• добуш берүү күнү обочолонгон, калктуу конуштардын алыс жерлерде кызмат өтөп жатышкан аскер кызматкерлери,
• добуш берүү күнү кызмат өтөп жаткан ички иштер органдарынын кызматкерлери,
• умуш цикли үзгүлтүксүз ишканаларда иштеген шайлоочулар,
• вахта ыкмасында иштеген шайлоочулар.

Участкалык шайлоо комиссиясы добуш берүү күнүнө чейин 2 күн калганда өзүнүн участогунда добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берүү тууралуу жазуу жүзүндө ага арыз берген шайлоочулардын реестрин илип коюуга милдеттүү.

Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү, добуш берүү күнүнө чейин бир календардык күн калганда саат 8ден 20га чейинки мезгилде жана шайлоочунун ага добуш берүү жайынан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн түзүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү кайрылуусунун негизинде гана жүргүзүлөт. Шайлоочунун арызы участкалык шайлоо комиссиясы түзүлгөндөн кийин каалаган учурда, бирок добуш берүү күнүнө 3 календардык күн калгандан кечиктирбестен берилиши мүмкүн.

Пикир

Оставить комментарий