• 88.68
  • 95
  • 0.95

Шакиев Өзбекстандын Мыйзам чыгаруу палатасынын төрагасы менен жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 26.09.23. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Өзбекстан Республикасындагы расмий иш сапарынын алкагында аталган өлкөнүн Олий Мажлисинин Мыйзам чыгаруу палатасынын төрагасы Нуриддин Исмоилов менен жолугушту.

Жолугушууда эки өлкөнүн саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларын арттыруу маселелери талкууланып, анын ичинен парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү тууралуу сөз болду.

Төрага Нурланбек Шакиев канатташ жашаган кыргыз-өзбек калкынын байланышын чыңдоо башкы максат экенин белгилеп, өткөрүлгөн жолугушуу өнөктөштүктү өрчүтүүгө өбөлгө түзөрүнө ишенерин кошумчалады.

Тагыраагы, парламенттик дипломатиянын мааниси чоң экенин айткан Жогорку Кеңештин Төрагасы: “Акыркы жылдары байма-бай жолугушуп, түрдүү эл аралык аянтчаларда эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келебиз. Алсак, былтыр Самарканд шаарында өткөрүлгөн жолугушуубузда чек арага чектеш облустардын, райондордун ортосундагы алаканы кеңейтүү боюнча баарлашканбыз. Ошол демилгебиз быйыл ишке ашып, коңшулаш жашаган облустардын жана райондордун жетекчилери ортосунда көптөгөн жолугушуулар өттү. Керектүү долбоорлор каралып, аларды биргелешип ишке ашыруу боюнча келишимдерге жетишилди”, – деди.

Андан сырткары, мыйзам чыгаруу жаатында парламенттер ортосундагы тажрыйба алмашуу өнөктүгүн жандантуу демилгесин көтөрдү.

Ошондой эле кыргызстандыктар арасында Өзбекстанды көрүп кетүүгө кызыккандар көбөйгөнүн айткан Нурланбек Шакиев туризм жаатында да кызматташтыкты кеңейтүү зарыл экенин белгиледи.

“Чек аралар такталып, чек арадан өтүү тартиби да жеңилдеди. Азыркы тапта эки өлкөнүн жарандары ID-карта аркылуу чек арадан өтө алат. Бул соода-экономикалык алаканы жакшыртып, байланышты бекемдөөгө көмөкчү болору анык”, – деди Жогорку Кеңештин төрагасы.

Өз кезегинде Олий Мажлистин Мыйзам чыгаруу палатасынын төрагасы Нуриддин Исмоилов Кыргызстан менен Өзбекстандын мамилеси достук жана боордоштуктун чегинде өнүгүп жатканын билдирип, эки өлкөнүн соода жүгүртүүсүнүн көлөмүн 2 млрд АКШ долларына жеткирүү боюнча коюлган максаттар тууралуу сөз кылды.

“Андыктан көздөгөн максатыбызга жетиш үчүн бардык багыттагы байланыштарды кеңейтип, парламенттер ортосундагы кызматташтыкты да жигердүү өнүктүрүүбүз кажет”, – деди Нуриддин Исмоилов.

Жолугушуунун соңунда төрага Нурланбек Шакиев Нуриддин Исмоиловдун коштоосунда Мыйзам чыгаруу палатасынын ишмердүүлүгү менен таанышып, жыйындар өтчү залдарды көрүп чыкты.

Пикир

Оставить комментарий