• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бейшеналиев АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин директору менен жолукту

Ден соолук 0

Бишкек, 26.09.23. /Кабар/. Бүгүн, 26-сентябрда саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин директору Кайя Адамс жолугушуусу өттү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда өлкөдөгү саламаттык сактоо тармагын жакшыртууга байланышкан маселелер талкууланды. Эки тарап тең Кыргызстандын калкы үчүн медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу максатында кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргызстандагы ишке ашып жаткан долбоорлордун алкагында тыгыз кызматташууну улантууга макулдашып, кызматташтыкты бекемдөөгө жана саламаттык сактоо тармагын биргелешип өнүктүрүүгө умтула тургандыгын билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий