• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандыктар эми булут электрондук кол тамгасын онлайн ала алат

Коом 0

Бишкек, 26.09.23. /Кабар/. Face ID инновациялык технологиясын киргизүү менен булуттук электрондук кол тамганы алуу жарандар үчүн жеңилдеди.

Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришкендей, эми жарандар үчүн булут кол тамгасын алуу үчүн калкты тейлөө борборлоруна (КТБ) баруунун зарылдыгы жок.

Электрондук кол тамганы алуу үчүн жөн гана “Tunduk” жана “MegaPay” мобилдик тиркемелеринде паспортук маалыматтарды толтуруп, байланыш маалыматтарын көрсөтүп, аралыктан текшерүүдөн өтүү жетиштүү.

Электрондук кол тамга алган жарандар Tunduk мобилдик тиркемесинде аторизациядан өтүп, электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталында жеке кабинетине кирип мамлекеттик порталдын электрондук кызматтарын жана сервистерин ала алышат. Порталдын кызматтары “MegaPay” тиркемесинде да жеткиликтүү. Эскерте кетсек, “Tunduk” жана “MegaPay” мобилдик тиркемелеринде санариптик документтер: паспорт, айдоочулук күбөлүк жана унааны каттоо күбөлүгү жеткиликтүү.

Юридикалык жактар ​​үчүн булуттук электрондук кол тамга алуу да жеңилдеди. Буга чейин БЭК алуу үчүн юридикалык жактар ​​4 документти
( 4 документтин көчүрмөсүн) тапшырышы керек болсо, эми документтердин көчүрмөлөрүн талап кылуу жокко чыкты.

БЭК алуу үчүн юридикалык жактар веб-сайттан “Инфоком” МИсинин КБ Регламентине кошулуу жөнүндө Макулдашуу жана юридикалык жактардын өкүлдөрү үчүн КБ Колдонуучусунун ишеним катын көчүрүп алышы керек.

Документтерди толтургандан кийин жакынкы калкты тейлөө борборуна кайрылса болот. КТБ операторлору булуттук электрондук кол тамгасын берип бирдиктүү идентификациялоо системасына сыр сөздү электрондук почта аркылуу жөнөтүшөт.

Эскерте кетсек, булуттук электрондук булут колтамгасы бир жылдык стандарттык жарактуулук мөөнөтү менен акысыз берилет.

Маалымат алуу үчүн 119.

Пикир

Оставить комментарий