• 88.68
  • 95
  • 0.95

Көп кабаттуу үйдүн чатыры транформаторго кулап, Бишкектин борбору жарыксыз калды

Коом 0

Бишкек, 18.10.17 /Кабар/. Бүгүн, 18-октябрда, саат 05:40та катуу шамалдын кесепетинен көп кабаттуу үйдүн чатыры жогорку вольттогу “Пенько-Джутовая” көмөкчордондун күч трансформаторуна кулады. Бул тууралуу "Түндүкэлектр" ААК басма сөз кызматы билдирди.

Жыйынтыкта, Правда, Иваницын, Сүйүмбаев көчөлөрү, Чүй чоң көчөсү; Москва, Гоголь өчөлөрү жана Чүй чоң көчөсү менен чектелген чарчылардагы керектөөчүлөрдүн электр энергиясы кыска мөөнөткө үзгүлтүккө учурады. Ал эми саат 06:10до керектөөчүлөр электр энергиянын башка булактарына кошулду.

Пикир

Оставить комментарий