• 88.68
  • 95
  • 0.95

Шашылыш билдирүү: аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт

Коом 0

Бишкек, 31.10.17./Кабар/. Аномалдуу ысык жана кургак аба ырайынан кийин Кыргызстандын аймагында 3-ноябрда күндүз жана 4-5-ноябрда аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт.

ӨКМдин берген маалыматы боюнча, 3-ноябрда күндүз кээ бир райондордо, 4-5-ноябрда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 18-23 метрге жетиши күтүлөт.

4-5-ноябрда абанын температурасы төмөндөп: Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн 1…6°, күндүз 6…11° жылуу, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 2…7°, күндүз 10…15° жылуу, Ысык-Көл ойдуңунда жана тоо этектеринде түнкүсүн 0…5°, күндүз 5…10° жылуу, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -3…-8° суук, күндүз 3…8° жылуу, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -13…-18°, күндүз -2…-7° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Пикир

Оставить комментарий