• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Шашылыш билдирүү: аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт!

Коом 0

Бишкек, 20.09.17 /Кабар/. 2017-жылдын 23-сентябрында күндүз жана 24-сентябрында узакка созулган кургак жана жылуу аба ырайынан кийин Кыргызстандын аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаа-чачын куттуу жаашы ыктымал. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетиши мүмкүн. 24-сентябрда абанын температурасы төмөндөп: Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн 3…8°, күндүз 13…18°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 7…12°, күндүз 16…21°, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 4…9°, күндүз 10…15° жылуу болушу күтүлөт.

КР ӨКМ басма сөз кызматы билдиргендей, мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

25-26-сентябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарынын тоо этектериндеайрым жерлеринде -1…-3° үшүк, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында -3…-5° үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүктүн жүрүшү жыйналбаган жашылча жемиштерге, казылып алынып жабылбаган картошка жана кант кызылчасы үчүн коркунучтуу.

Шашылыш билдирүүнүн негизинде адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КР ӨКМи тарабынан телефонограмма чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилди жана уюлдук операторлор аркылуу элге СМС билдирүүлөр жөнөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий