• 88.68
  • 95
  • 0.95

Шестаков: Президент кандайдыр бир режимди кайтаруу жөнүндө сөз кылган жок

Коом 0

Бишкек, 31.05.22 /Кабар/. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине кеңири маек куруп, бир катар курч суроолорго жооп берди. Маектин жүрүшүндө президент “Кумтөргө”, азык-түлүк коопсуздугуна байланышкан маселелерге токтолду.

Саясат таануучу Игорь Шестаковдун пикиринде, президент тегерегинде саясий күрөш жүрүп жаткан резонанстуу маселелерге баа берди.

«Ширшовго карата өлкө башчысынын реакциясы түшүнүктүү, анткени жаңы бийлик ушундай оюн эрежесин орнотуп алгандыктан, өлкөгө көпкө келбей жүргөн жана коррупциялык иштер боюнча айыпталгандар азыр Кыргызстанга кайтып келип, көрсөтмө берип жатышат. Алар өлкөнүн бүгүнкү коомдук-саясий турмушунда кандай роль ойнойт, алардын көрсөтмөлөрү тергөөгө канчалык жардам берет өкүм чыкканда белгилүү болот. Президенттин кайрылуусу ушул өңүттө болду. Сөз кандайдыр бир режимди кайтаруу жөнүндө эмес, сөз тергөө аныктай турган фактылар тууралуу болууда. Мындай практика Кыргызстанда гана эмес, башка өлкөлөрдө да колдонулуп келет. Ширшовго чейин мурдагы президенттердин тушунда иштеген башка адамдардын келгендигин дагы көрүп атабыз”, - деди Шестаков.

Шестаков белгилегендей, Кумтөргө байланыштуу маселелер, кен иштетилип баштагандан тарта көтөрүлүп келе жаткан эле маселелер. Ушуга байланыштуу бир жагынан мамлекет экологиялык коомдук уюмдар үчүн ачык-айкындуулуукту камсыз кылышы керек. Экинчи жагынан бул маселе азыркы бийликке басым жасоо үчүн саясий курал катары дагы колдонулушу мүмкүн. «Жапаров өзү саясий карьерасын канадалык бийликтен ачыктыкты жана отчеттуулукту талап кылган депутат катары баштаган. Ошондуктан бул маселеге эл көз кырын салып турат”, - деди ал.

Азык-түлүктүн баасы боюнча пикирин билдирген саясат таануучу, 2020-жылдан бери бүткүл дүйнө менен бирдей шартта Кыргызстан да баа көтөрүлүп жатканын белгиледи. Бирок, өлкөдө бааны бир калыпта кармап турууга мүмкүн болууда.

«Бизде нандын минималдуу баасы кыйла жеткиликтүү, балким президент ушул тууралуу айткандыр. Жазып жатышкандай, дан менен нандын жетишсиздигинен улам бүтүндөй континенттер ачарчылыкка дуушар болушу мүмкүн. Ал эми биз бардык нерсе менен камсыз болуудабыз. Болгону бийлик 2 маселени чечиши керек - мүмкүн болушунча өлкөнү азык-түлүк менен камсыздоо жана негизги позицияларды көзөмөлгө алуу”, - деп жыйынтыктады сөзүн эксперт.

Пикир

Оставить комментарий