• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Шевченко: “Бул жөн эле UFC куру эмес, маңдай теримдин, аракеттеримдин жемиши”

Спорт 0

Бишкек, 10.12.18. /Кабар/. Кыргызстандык Валентина Шевченко беттештен кийин журналисттерге маек куруп, алдыдагы пландары тууралуу бөлүштү.

Канадада 8-декабрда өткөн UFC 231 мелдешинде польшалык мушкер Йоанна Енджейчикти жеңип алган Шевченко 57 килограммга чейинки салмак ченинде чемпион аталды.

Жаңы чемпион бул учурду көптөн көп күтүп, аябай даярданганын айтты.

“Бул курду алганыма кубанып турам. Бул жөн эле UFC куру эмес, сүйүктүү спортума жумшаган маңдай теримдин, аракеттеримдин жемиши”, - деп өзүнүн командасына ыраазычылык билдирди: “Павел Федотов машыгуу иштерине баш-оту менен киришти, оюнун баары даярдыкта болду. Эжем Антонина өзү беттешке даярданып жатса да, мага жардам берип жатты. Менеджер көп иштеди. Эч ким четте калган жок”.

“Ким менен болсо да беттешүүгө даярмын. Мен курумду болушунча көп ирет коргогум келет. Эч кандай олуттуу жаракаттарым жок, саламаттыгым жакшы. Мен дароо эле күжүрмөн машыгууга өтүүгө даярмын. Наамды утуп алып, бир жылды дайыны жок өткөргөн адамдардан эмесмин. Азыр менен чемпионмун жана беттеш маалын өзүм тандай алам”, - деп белгилеп, курду эжеси Антонина башкы атаандаш болгончо кармап турарын айтты.

Пикир

Оставить комментарий