• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ШКУ алкагында уюштурулган “Улуу достуктун кербени” гала-концертинен фоторепортаж

Коом 0

Бишкек, 14.06.19. /Кабар/. 2019-жылдын 13- июнунда Бишкек шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө жана байкоочу өлкөлөрдүн искусство чеберлеринин “Улуу достуктун кербени” Гала-концерти болду.

Гала-концертке КыргызРеспубликасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков, Индия Республикасынын Премьер-министри Нарендра Моди, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиеев, Пакистан Ислам Республикасынын Премьер-министри Имран Хан, Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко жана Монголия Президенти Халтмаагийн Баттулга келишти.

Эске салсак, 8 өлкө ШКУ мүчөсү болуп саналат. Алар: Индия, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикстан, Өзбекстан. 4 өлкө байкоочу макамына ээ: Ооганстан, Белоруссия, Иран жана Монголия.

Пикир

Оставить комментарий