• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ШКУ саммитинин даярдыктарына жана өткөрүүгө 450 млн сом кетти. Бюджеттен бир да тыйын корогон жок – Бекбоев

Коом 0

Бишкек, 10.06.19. /Кабар/. Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин даярдыктарына жана өткөрүүгө бюджеттен бир да тыйын корогон жок. Бул тууралуу президенттин аппаратынын Иш башкармалыгынын башчысы Турдуназир Бекбоев билдирди.

Анын айтымында, "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясындагы оңдоо жана курулуш иштерине 450 млн. сом жумшалган.

"ШКУга мүчө өлкөлөр саммит өткөн өлкөгө колдоо көрсөтөт. Биз ал өлкөлөрдүн жардамынын эсебинен курулуш жана оңдоо иштерин жүргүздүк", - деди ал.

Андан тышкары ал белгилегендей, Россия Кыргызстанга техникалык жардам кылган.

"Бизге "Мерседес" үлгүсүндө 6 брондолгон унаа, 10 автобус, "Форд Мандео" үлгүсүндөгү 20 жеңил унаа, "Форд Фокс" үлгүсүндөгү 30 унаа беришти. Саммиттен кийин ал унаа каражаттары президенттин аппаратынын Иш башкармалыгынын карамагында калат", - деди ал.

Бекбоев россиялык тарап микрофон жана башка жабдыктар менен да жардам көрсөткөнүн кошумчалады.

Белгилей кетсек, ШКУ саммити 13-14-июнь күндөрү Бишкекте болуп өтөт.

Пикир

Оставить комментарий