• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Штаб: Коронавирус жуккан эки бейтап көз жумду, бирөө медицина кызматкери

COVID - 19 0

Бишкек. 02.05.20. /Кабар/. Бүгүн, 2-майда Бишкек шаарындагы Республикалык инфекциялык ооруканасында коронавирустан 2 бейтап көз жумду. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, алардын бири – медицина кызматкери, ал №3 Үй-бүлөлүк медицина борборунун үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси 1962-жылы туулган К.Д.А., экинчи бейтап 1951-жылкы Жалал-Абад облусунун тургуну.

"Эки бейтапта теӊ эки тараптуу пневмония, оорунун оор өтүшү, дем алуу жетишсиздиги катталган. Аларда дагы кошумча оорулары да бар болгон: жүрөк жетишсиздиги, кант диабети", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 2-майга карата Кыргызстанда коронавирус жуккан жаңы 13 учур аныкталып, өлкө боюнча COVID-19 вирусун жуктуруунун 769 учуру катталды. Алардын ичинен 200ү медицина кызматкерлери. Учурда стационарда – 234 жатат, алардын ичинен бешөө реанимацияда. 527 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Ал эми он адам каза (+ 2 учур бүгүн катталды) болду.

Пикир

Оставить комментарий