• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Штаб: Майдын аягына чейин Москва, Оренбург жана Новосибирсктен чартердик каттамдар уюштурулат

Өкмөт 0

Бишкек, 15.05.20. /Кабар/. Белгилүү болгондой, учурда россия-казак чек арасында кайрадан Кыргыз Республикасынын 500дөй жараны топтолгон. Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын жарандарын өлкөгө алып келүү боюнча иштер уланууда. 2020-жылдын май айынын аягына чейин Москва, Оренбург жана Новосибирск шаарларынан чартердик каттамдар уюштурулат. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Жакында эле, 2020-жылдын 7-майында Кыргыз Республикасынын 541 жараны мекенине келген. Белгилей кетчү нерсе, акыркы мезгилде айрым саясий партиялардын, коммерциялык эмес жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү жоопкерчиликсиз билдирүүлөрдү жасап, чет мамлекеттердин аймагынан кыргызстандыктарды алып келүүнү уюштуруу боюнча кызматтарды сунуштаган учурлар көбөйдү.

Тилекке каршы, бул адамдар жана түзүмдөр жалган маалыматтарды таркатып жатышат. Алардын бул маселенин айланасындагы жеке PR-акциялары карапайым жарандарды адаштырууда.

Россия-казак мамлекеттик чек ара тилкесинде унаа каражаттарын өткөрүп жаткандыгы тууралуу такталбаган маалыматты угуп, туура эмес кабарлоодон жабыр тарткан Кыргыз Республикасынын жарандарынын тегерегиндеги кырдаал буга айкын мисал болуп саналат. Бул мекендештерибиздин абалына терс таасирин тийгизди, ал эми Россия Федерациясынын Оренбург облусунун жергиликтүү бийлигине татаал жагдай түздү.

Белгилей кетчү нерсе, айрым жактардын ойлонулбаган жана популисттик аракеттери Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттер, анын ичинде союздаштары жана стратегиялык өнөктөштөрү менен эки жактуу мамилелерине терс таасирин тийгизиши ыктымал.

Дагы бир жолу эскерте кетсек, жарандарыбыз жүргөн өлкөлөрдүн расмий бийлиги менен иш алып баруу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан жүргүзүлөт.

Чет мамлекеттердеги өзгөчө абалдын, карантиндик жана башка чектөө чараларынын өзгөрүүсү, мамлекеттик чек араларынын укуктук статусу, анын ичинде чартердик аба каттамдарын уюштуруу тууралуу так маалыматтарды компетенттүү мамлекеттик органдардын расмий өкүлдөрүнөн, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнөн жана консулдук мекемелеринен гана алуу зарыл.

Биз мекендештерибизди чагылчылдыкка алдырбоого жана күмөн булактардан алынган маалыматтарга, аны менен бирге учуу билеттерин сатып алуу, Кыргыз Республикасы менен коңшу мамлекеттердин аймагы аркылуу транзиттик өтүүнү уюштуруу маселелери боюнча ортомчулук кызматтарды сунуштагандарга ишенбөөгө чакырабыз.

Азыркы учурда коңшулаш мамлекеттер тарабынан коронавирус инфекциясынын тыштан келүүсүн азайтуу боюнча алдын алуу чаралары көрүлгөн, чек аралар убактылуу жабык, өзгөчө абал режими жана жарандардын жүрүүсүнө чектөөлөр киргизилген. Коңшу өлкөлөр тарабынан көрүлгөн, эң ириде адамдардын өмүрүн сактоого багытталган чараларды түшүнүү менен кабыл алуу абзел.

Пикир

Оставить комментарий