• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Швейцария КР саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин кесипкөйлүгүн жогорулатууну колдойт

Коом 0

Бишкек, 10.03.23. /Кабар/. Бүгүн, 10-мартта саламаттыкты сактоо уюмдарынын 38 жетекчисине "Саламаттык сактоону башкаруу" квалификациясы боюнча кесиптик кайра даярдоо программасын аяктагандыгы тууралуу сертификаттар тапшырылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жетекчилерге сертификаттарды министр Гүлнара Баатырова, Швейцариянын Кыргызстандагы элчиси Оливье Бангертер жана Кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу боюнча Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун ректору Рустам Курманов тапшырышты.

Кайра даярдоо программасы Швейцария каржылаган “Саламаттыкты сактоону башкаруу системасын чыңдоо” долбоорунун техникалык колдоосу алдында Компетенциялар каталогунун негизинде иштелип чыккан. Программа 15 модулдан турат жана уюмду башкаруунун бардык өңүттөрүн камтыйт. Алар: адам ресурстары, финансы, саламаттыкты сактоо саясатындагы маселелер жана саламаттыкты сактоо уюмдарынын ишин талдоо.

"Саламаттыкты сактоо уюмдарынын күчтүү жетекчилери бул тармакты реформалоонун негизги кыймылдаткычы болуп саналат. Саламаттыкты сактоо системасынын натыйжалуу иштеши үчүн келечекти көрө билген, алдыга коюлган максаттарды жана милдеттерди түшүнгөн жана ишке ашырган, ошондой эле жыйынтыктарга кызыкдар болуп, тынымсыз билим алып турган жетекчилер керек”, - деди Баатырова.

“Швейцария көп жылдардан бери Кыргызстанга саламаттыкты сактоо жаатында жардам көрсөтүп келе жатканына сыймыктанат. Жогорку кесипкөй менеджерлер саламаттык сактоо уюмунун ишин жакшыртууга жана калкка медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатына олуттуу салым кошууга жөндөмдүү болушат”, - деп белгиледи элчи Бангертер.

Окутуу С.Б.Данияров атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун базасында өттү. Окууну уюштурууга КР Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Саламаттык сактоону өнүктүрүү жана медициналык технологиялар борбору колдоо көрсөттү.

Пикир

Оставить комментарий