• 88.68
  • 95
  • 0.95

Сиздерге элибиз чоң ишеним артат! Президент өлкө куткаруучуларына ыраазычылык билдирди

Президент 0


Бишкек, 14.06.23./Кабар/. "Сиздерге ар кандай кырдаалдарда адам өмүрлөрүн сактап калууда, болушу мүмкүн делген табигый кырсыктардын алдын алууда күнү-түнү даяр, деп элибиз чоң ишеним артат!" - деп президент Садыр Жапаров бүгүн өлкөнүн куткаруучуларын сыйлоо салтанаттуу аземинде белгиледи

Мамлекет башчысы куттуктоо сөзүндө төмөнкүлөрдү белгиледи:

“Кадырман калайык калк!

Урматтуу бүгүнкү салтанаттын катышуучулары!

Кымбаттуу куткаруучулар!

Бүгүн биз адамзаттын жашоо-турмушуна айттырбай келген алаамат- кырсыктын – жер титирөөнүн очогунда адам өмүрлөрүн ажалдан арачалап калган кайраты күч, эрки бекем куткаруучуларыбыздын каармандыгы менен эрдигине ыраазычылык билдирүүнүн убакыт-сааты чыгып, баарыбыз салтанаттуу иш-чарага чогулуп отурабыз.

Баарыбызга маалым, ушул жылдын февраль айынын башында Түркиянын бир катар аймактарында жер титирөөдөн улам кабат-кабат үйлөр кыйрап, миңдеген түрк боордошторубуз бейажал каза таап, жалпы дүйнө жүзү табият кырсыгынан үрөйү учкан эле.

Эрки күчтүү түрк журтчулугу Жараткандын жазган мындай оор сыноосун дагы баштарынан кечиришти. Ошол алааматтуу зилзалада каза болгон бир боорлорубуздун жаткан жери жайлуу болсун. Кудайым түрк кардештерибизге сабыр берсин.

Бир тууган элдин башына түшкөн мындай оор мүшкүлдө жардамга кол сунгандардын сап башында Кыргыз мамлекети турду. Жер титиреген күнү дароо 67 куткаруучубуз Түркияга жөнөп, ага удаа 110 куткаруучубуз зилзаланын очогуна жетип, боордоштук бөтөнчө сезим менен жан аябай жардам берип келишти.

Алгач Манас атабыздын айкөлдүгүн алып жүргөн, көкжалдыгы жүрөгүндө жашаган, көкүрөгүндө намысы бекем орногон уулдарыбызга жалпы Кыргызстан элинин атынан ыраазычылык билдирип кетели.

Мен ошол зилзаланын кооптуу очогунда издөө-куткаруу иштерин чын дили менен жан үрөп аткарган куткаруучуларыбыздын ат көтөргүс эмгегин баса белгилеп, токтолуп кетейин.

Куткаруу иштерине барган жигиттерибиз урандынын астында калган туугандарына жардам бере албай, айласы куруп кыйынчылыкка туш болгон түрк элине жөлөк-таяк болуп, жакындарын куткарып, адамгерчилик деген улуу сапаттын үлгүсүн көрсөтүштү.

Өзүңүздөр билгендей, биздин куткаруучулар 13 күндөн кийин, тагыраак айтканда, 296 саааттан кийин дээрлик тирүү адам жок деп изделбей турган урандылардын астынан толугу менен бир үй-бүлөнү таап, 3 адамдын өмүрүн сактап калышты.

15 күндө урандылардын алдынан жалпы 8 адамдын өмүрүн куткарып, 198 адамдын сөөгүн чыгарып туугандарына тапшырып беришти.

Дүйнө эли таң калган, түрк эли терең таазим кылган мындай окуялар эки элдин тарых барактарында жазылып кала турган эрдик болду.

Кыргыз жигиттеринин эрдиги менен эбегейсиз эмгеги жалпы журтубузга сыймык болсо, келечек муундарыбызга мыкты өрнөк болот!

Куткаруучуларыбыз бир адам болсо да аман алып калалы деп жан-алакетке түшүп жаткан маалда, Ата Мекенибиздин миңдеген эр-азамат уул-кыздары “Биз сени менен, Түркия!” деп кандай жардам керек болсо даяр турушту. Жалпы кыргызстандыктар жөн жата албай, колдон келген жардамдарын чогултуп, түрк боордошторго байма-бай жолдоп жатышты.

Мындай адамзат башына келген оор сыноого кайдыгер карабаган жалпы кыргызстандык мекендештериме дагы терең ыраазычылыгымды билдирем.

Урматтуу мекендештер!

Бүгүнкү күндө Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алдына коюлган милдеттерди жогорку деңгээлде аткарып жатканына күбө болуудабыз. Республиканын ичинде гана эмес, дүйнөнүн 60 мамлекети мүчөлүк кылган Эл аралык Жарандык коргонуу уюмунун аткаруу комитетине 6 жылдан бери төрагалык кылып келет.

Министрликтин эл аралык деңгээлдеги аброю өсүп, жыл сайын ондогон өлкөлөрдүн тоо куткаруучулары менен суучулдары өлкөбүздүн арча-карагайлуу тоолоруна, кыргыз бермети – Ысык-Көлгө келип, биздин адистерден окуп үйрөнүп, тажрыйбасын жогорулатып кетишет.

Ошол Ысык-Көлүбүздүн экология темасын улай турган болсок, бул жылы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдары көл түбүндөгү таштандылардан жана браконьерлердин балык уулоочу торлорунан тазалоо ишин колго алышты.

Суучулдарыбыз иштин оордугуна карабастан 4 айга жетпеген убакыт ичинде 96 000 метрге жакын тор, 6 тоннага жакын таштандыны чыгарышты. Бул иш учурда да уланып жатат.

Урматтуу куткаруучулар, сиздердин ары түйшүктүү, ары сыймыктуу кесипти аркалап, жоопкерчилик менен аткарган ишиңиздерге дагы бир жолу терең ыраазычылык билдиребиз.

Сиздерге ар кандай кырдаалдарда адам өмүрлөрүн сактап калууда, болушу мүмкүн делген табигый кырсыктардын алдын алууда күнү-түнү даяр, деп элибиз чоң ишеним артат!

Кудайым, кыргыз элин бөөдө кырсыктан сырткары кылып, элибиз бейпилчиликте, токчулукта, тынчтыкта жашашын насип этсин!”.

Пикир

Оставить комментарий