• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сокулукта 36 жаштагы Гүлмира менен 17 жаштагы Рахат изделүүдө

Кырсык 0

Бишкек, 30.09.21. /Кабар/. Сокулук райондук ички иштер бөлүмү дайынсыз жоголгон 36 жаштагы Гүлмира Кадырова менен 17 жаштагы Рахат Тыныбекованы издөөдө. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Милициянын билдирүүсүнө таянсак, Сокулук айылында жашаган Кадырова Гүлмира Кенжеевна 2021-жылдын 15-майында үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес.

Белгилери: бою 168 см, орто дене түзүлүштө, чачы кара, кыска, көзү күрөң. Мезгилге жараша кийинип жүргөн, башында жоолугу болгон.

Ошондой эле 2020-жылдын 14-октябрында үйүнөн чыккан боюнча кайтып келбеген Гавриловка айылынын жашоочусу Тыныбекова Рахат Кубатбековна изделүүдө.

Белгилери: бою 155-160 см, орто дене түзүлүштө, чачы кыска, кара, көзү күрөң. Мезгилге жараша кийинип жүргөн.

«Жогоруда аты аталгандар жөнүндө маалымат билдиргендей төмөнкү байланыш номерлерине кабарлап койсо болот: Чүй облустук милициясынын нөөмөт бөлүмү (0312) 43-01-27, (0312) 43-88-85, Сокулук райондук ИИБсинин нөөмөт бөлүмү (0312) 60-75-67, 0558 86 14 86,0709 35-35-29 (издөө тобу)», - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий