• 88.68
  • 95
  • 0.95

Сокулукта алты өспүрүм мыйзам бузганы үчүн милиция бөлүмдөрүнө алып келинди

Аймак 0

Бишкек, 26.03.22. /Кабар/. Сокулук районунун аймагында 23-25-март аралыгында “Үйсүз калган балдар” атылышындагы алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Иш-чарага Сокулук райондук милициясынын жаш өспүрүмдөр менен иштөө кызматкерлери, билим берүү органдарынын, үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмүнүн өкүлдөрү катышты. Анын алкагында райондун аймагында жайгашкан коомдук жайлар, соода түйүндөр, интернет клубдар, коомдук тамактануу пункттары, унаа жуучу жайлар текшерилди.

Ар кандай мыйзам бузуулар үчүн милиция бөлүмдөрүнө жашы жете элек алты өспүрүм алып келинди. Өспүрүмдөргө, алардын ата-энелери жана мыйзамдуу өкүлдөрүнө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Аныкталган башка материалдар боюнча үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмүнө эки материал жөнөтүлдү. Сокулук районунда аз камсыз болгон 38 үй-бүлө сурамжыланган.

Жашы жете элек төрт бала профилактикалык эсепке алынган.

Мындан тышкары, Сокулук райондук милиция кызматкерлери Новопавловкадагы №2 орто мектебинин кызматкерлери менен бирге Маловодный айылындагы майыптыгы бар балдардын мектебине жана Военно-Антоновка атындагы балдар үйүнө гуманитардык жардам көрсөтүштү.

Пикир

Оставить комментарий