• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сокулукта эркек кишини унаага салып барып сабап, тоноп кетишкен

Укук тартиби 0

Бишкек, 06.09.22. /Кабар/. Сокулукта эркек кишини унаага салып барып сабап, тоноп кетишкен.

Чүй облустук милициясынан билдиришкендей, 2022-жылдын 28-август күнү Сокулук райондук милициясына 1995-жылы туулган К.М. аттуу жаран денесиндеги жаракаттар менен Бишкек шаарындагы Улуттук хирургия борборуна түшкөндүгү тууралуу маалымат келген.

Белгилүү болгондой, белгисиз эки адам түн ичинде К.Мны унаага салып Сокулук районунун Күн-Туу айылына алып барып, ал жерден денесине залал келтирип, акча каражатын алып, алсыз абалда таштап кетишкен.

Аталган окуя боюнча КР КЖКнын 207-беренесинин (каракчылык) негизинде кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө амалдарынын натыйжасында кылмышка шектелип 1991-жылы туулган М.Д. жана 1992-жылы туулган К.М. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө уланууда.

Пикир

Оставить комментарий