• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сокулукта унааны айдап качууга шектүү адам кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 26.03.21. /Кабар/. Сокулук районунда унааны айдап качууга шектүү адам кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын февраль айында Сокулук районунун ички иштер органдарына 33 жаштагы Д.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 2020-жылдын 10-февралынан 12-феврлына чейинки убакыт аралыгында анын “Хонда-Фит” үлгүсүндөгү унаасын белгисиз бирөөлөр уурдап кетишкенин билдирген.

Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 206-беренеси (Автотранспорт каражаттарын айдай качуу) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы автоунааны айдай качууга шектүү жарандардын өздүктөрү такталып, алардын бири кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Тиешелүү сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүп, материал соттун кароосуна жөнөтүлүп, жогорудагы кылмыш ишине шектүү экинчи жаран ички иштер органдарынан жашырынып жүргөндүктөн ага карата өзүнчө иш бөлүнүп, өндүрүшкө алынган.

2021-жылдын 24-март күнү Чүй облусунун ИИББи жана Сокулук РИИБинин криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, изделип жаткан К.Ч. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайыга камакка алынган.

Сотко чейинки өндуруш иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий