• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Солтон-Сарыдагы чыр: Кытайлык компаниянын кызматкерлери аймактан чыгарылды

Коом 0

Бишкек, 07.08.19. /Кабар/. Zhong Ji Mining Company кытайлык компаниянын кызматкерлери жана техника Солтон-Сары кенинин аймагынан чыгарылды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Мамлекеттик экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциясынын Нарын аймактык башкармалыгынын башчысы Улан Жанбаев билдирди.

Анын айтуусунда, чет элдик компаниянын жумушчулары 10 Howo жүк ташуучу унаасын компаниянын төмөнкү лагерине түшүрүшкөн. "Кендин аймагында милиция кызматкерлеринен башка эч ким калган жок", - деп маалымдады Жанбаев.

Облустук милициядан кабарлашкандай, учурда аймактагы коомдук-саясий абал туруктуу.

Эскерте кетсек, 2019-жылдын 5-август күнү Солтон-Сарыдагы кен чыккан жерге Нарын районунун айылдарынын жашоочулары чогулуп, алтын кен чыккан жердеги кытай ишканасынын ишмердүүлүгүн токтотуу жөнүндө талаптарын билдиришкен. Чогулгандардын саны 300гө жакын болгон. Кийинчерээк жергиликтүү тургундар менен кытай ишканасынын жумушчуларынын ортосунда чыр-чатак чыккан. Эки тарап тең бири-бирине таш ыргыта башташкан. Жыйынтыгында жабыркагандар аймактык ооруканага жеткирилген.

Өкмөт Солтон-Сары кениндеги лицензияларды ким жана качан бергендиги тууралуу расмий билдирүү таратты.

Пикир

Оставить комментарий