• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Оорулуу баланы кабыл албай койгон дарыгер кызматтан алынды - ССМ

Коом 0

Бишкек, 22.12.18. /Кабар/. Оорулуу баланы кабыл алуудан баш тарткан Сузак райондук Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун дарыгери кызматтан алынды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, окуя Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Благовещенский айылында болгон.

"Саламаттык сактоо министринин тапшырмасы боюнча окуянын чоо-жайы иликтенди. Жыйындыгында А.Э., аттуу дарыгер кызматтан алынды", - деп айтылат маалыматта.

Министрликтен кошумчалашкандай, алдыда мындай учурларга жол бербөө максатында Сузак райондук Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун дарыгерлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий