• 88.68
  • 95
  • 0.95

“Жашыл мурас”. Кыргызстанда 1 жылда 8,1 млн көчөт отургузулду

Коом 0

Бишкек, 09.01.23. /Кабар/. “Жашыл мурас” улуттук өнөктүгүнүн алкагында 2022-жылга карата ѳлкѳ аймагына 8,1 млн көчөт отургузулду. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, күзгү эсептин жыйынтыгы боюнча, отургузулган кѳчѳттѳрдүн 70%ы тамыр алып кѳгѳргѳн.

Белгилей кетсек, 2022-жылы 6 млн көчөт, 2023-жылы 7 млн көчөт отургузуу пландалган.

Учурда мамлекеттик жана муниципалдык бийлик органдары 2023-жылга карата бак-дарактарды отургузууну уюштуруу иштерин жүргүзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий