• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сот адилеттигинин Жогорку мектебинде сот отурумунун жаңы окуу залы ачылды

Коом 0

Бишкек, 21.04.22. /Кабар/. Бүгүн, 21-апрелде Жогорку сотко караштуу Сот адилеттигинин Жогорку мектебинин имаратында Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбековдун катышуусунда окуу сот залынын ачылышы болду. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматы билдирет.

Иш чарага Сот адилеттигинин Жогорку мектебинин кызматкерлери жана «Укук булагы» долбоорунун өкүлдөрү катышты.

“Бул имитацияланган сот залы бир гана жаңыдан дайындалган судьяларга эмес, учурда иштеп жаткан фемида өкүлдөрүнө дагы процесстик мыйзамдын талаптарына ылайык сот отурумун өткөрүүнү үйрөтүү үчүн жакшы курал болуп каларына ишенем.

Окуу сот залында жаш кадрлар бардык процессуалдык нормалар менен процессти жүргүзүүгө жана сот отурумунун бардык катышуучуларынын укуктарына, мыйзамда белгиленген мыйзамдуу жол-жоболорду сактоону үйрөнүшөт. Бул келечекте ишти туура жана өз убагында каралышын камсыз кылууга тийиш. Анткени судья объективдүүлүктү жана калыстыкты сактоо менен сот отурумунун ачыктыгын камсыз кылыш керек.

Ошол эле учурда төрагалык кылуучунун милдеттерин аткаруучу судьянын ролуна көңүл буруу менен процесстик мыйзамда каралган бардык чараларды көрүп, тараптардын укуктарынын теңдигин камсыз кылып, тартипти сактоо менен сот отурумун өткөрүү керек экендигин эске алышы керек”, -деп билдирди Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков.

Белгилей кетүүчү жагдай, КР Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин Жогорку мектеби үчүн жабдуулар жана эмеректер USAID`дин «Укук булагы» долбоорун техникалык колдоосунун алкагында берилип жатат.

Мындан тышкары, Замирбек Базарбеков Сот адилеттигинин Жогорку мектебинин ишмердүүлүгү менен таанышып, жамаат менен баарлашты.

Пикир

Оставить комментарий