• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте троллейбустун айдоочулары күн сайын наркологдун текшерүүсүнөн өтөт

Коом 0

Бишкек, 21.04.22. /Кабар/. Күн сайын Бишкек троллейбус башкармалыгынын 260 айдоочусу наркологиялык көзөмөлдөө үчүн милдеттүү медициналык текшерүүдөн өтүшөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ишканада 8 нарколог иштейт. Айдоочулардан тышкары механиктер да медициналык кызматкерлердин көзөмөлүндө болушат.

Каттамга чыгуунун алдында айдоочулардын дене табы текшерилип, кан басымы да өлчөнөт. Ошондой эле ишкананын администрациясы биринчи жардам комплектисинин (аптечка) болуусун жана толуктугун, автотранспорттун салонунун гигиеналык абалын да текшерип турат.

Пикир

Оставить комментарий