• 88.68
  • 95
  • 0.95

Сот адилеттигинин жогорку мектебинин директору болуп Анархан Базаралиева дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 17.01.24. /Кабар/. Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков Сот адилеттигинин жогорку мектебинин жамаатына жаңы директор Анархан Базаралиеваны жана анын орун басары Динара Качкыналиеваны тааныштырды.

Жогорку сотко караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин директору Судьялар кеңешинин макулдугу менен Жогорку соттун төрагасынын 2024-жылдын 16-январындагы буйругу менен дайындалды.

Замирбек Базарбеков иштерине ийгиликтерди каалоо менен бирге жогорку квалификациялуу, татыктуу адистер дайындалганына ишенерин билдирди.

Белгилей кетсек, Анархан Базаралиева Жогорку соттун экс-судьясы, жалпы соттук стажы 30 жылдан ашык. Динара Качкыналиева экс-судья, жалпы соттук стажы 10 жылдан ашкан. Анархан Базаралиева жана Динара Качкыналиева 2021-жылдан ушул күнгө чейин Жогорку сотко караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинде окутуучу болуп эмгектенип келишкен.

Пикир

Оставить комментарий