• 88.68
  • 95
  • 0.95

Сот департаменти 99,3 млн сомго кызматтык унааларды сатып алат

Коом 0

Бишкек, 29.09.23. /Кабар/. Жогорку сотко караштуу Сот департаменти жеңил унааларды сатып алууга тендер жарыялады.

Мамлекеттик сатып алуулар порталынын маалыматы боюнча, унаалар сот аткаруучулар кызматынын бөлүмдөрү үчүн сатып алынат.

Тендердин суммасы 99 млн 303 миң 750 сомду түзөт. Конкурстук табыштамаларды 13-октябрга чейин берүү зарыл.

Бензин менен жүрүүчү 43 унаа жана 7 электромобиль сатып алынат.

Пикир

Оставить комментарий