• 88.68
  • 95
  • 0.95

Соцфонддун төрагасы Сауд Аравиянын Башкы соцкамсыздандыруу уюмунун башкаруучусу менен жолукту

Экономика 0

Бишкек, 27.09.23. /Кабар/. Кыргызстандын Социалдык фондунун имаратында Соцфондунун төрагасы Бактияр Алиев менен Сауд Аравиясынын Башкы социалдык камсыздандыруу уюмунун башкаруучусу Абдулазиз Альбук мырзанын жолугушуусу болуп өттү.

Фонддун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушууда тараптар КР Социалдык фонду менен Сауд Аравиясынын Социалдык камсыздандыруу боюнча башкы уюмунун ортосундагы кызматташтыкты жана аны өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.

Жолугушуунун алкагында КР Социалдык фондунун кызматкерлери менен Сауд Аравиясынын Башкы социалдык камсыздандыруу уюмунун өкүлдөрү маалымат алмашып, анда кыргыз тарап Кыргызстандын пенсиялык системасы жана пенсиялык камсыздоо тармагында маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонуу боюнча презентация көрсөтүлдү. Өз кезегинде Социалдык камсыздандыруу боюнча Башкы уюмдагы кесиптештер Сауд Арабиянын пенсиялык системасы тууралуу маалымат беришти.

Мындан тышкары, тараптар социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндөгү учурдагы алдыңкы тажрыйбалар менен алмашышты, ошондой эле пайдалуу маалыматтар менен бөлүшүп, бул жааттагы негизги маселелерди талкуулашты. Мындан ары кызматташуунун вектору аныкталды.

Жолугушуунун соңунда тараптар пенсиялык система боюнча тыгыз кызматташтыкты өнүктүрүү жана тажрыйба алмашуу зарылдыгы тууралуу өз ара пикирлерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий