• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкек ЖЭБдин күз-кыш мезгилине карата даярдыгы текшерилди

Коом 0

Бишкек, 27.09.23. /Кабар/. Бүгүн энергетика министринин орун басары Талайбек Байгазиев Бишкек ЖЭБнин жетекчилиги менен кеңешме өткөрдү, деп билдирет Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы.

Кеңешменин жүрүшүндө жылуулук электр борборунун 2023-2024-жылдардагы күз-кыш мезгилине карата даярдыгы боюнча маселелер талкууланып, буу казандарын кышка даярдоо иштеринин көлөмү аныкталды.

Атап айтканда, буу казандарын, турбиналык, көмөкчү жабдууларды даярдоо каралып, резервге чыгаруунун мөөнөттөрү белгиленди, бүтүндөй жылытуу мезгилине кубаттуулукту берүүнүн пландары, графиктери аныкталды. Ошондой эле оңдоо иштерин тездетүү боюнча иш-чаралар белгиленди.

Министрдин орун басары белгилегендей, кыштан ийгиликтүү өтүүгө даярдык көрүү боюнча иш-чаралар убагында аткарылып, бардык оңдоо иштери бекитилген графиктерге ылайык бүткөрүлүшү керек. ⠀

Пикир

Оставить комментарий