• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандын Катардагы маданият күндөрүн өткөрүү сунушу айтылды

Маданият 0

Бишкек, 27.09.23. /Кабар/. Кыргызстандын Катардагы маданият күндөрүн өткөрүү сунушу айтылды. Бул тууралуу Кыргызстандын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов менен Катардын маданият министри Шейх Абдулрахман бин Хамад бин Жассим Аль Танинин жолугушуусунда сөз болду.

КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашкандай, тараптардын жолугушуусу Билим берүү, илим жана маданият боюнча ислам уюму (ИСЕСКО) тарабынан уюштурулган "Ислам дүйнөсүндөгү маданий ишмердүүлүктү жаңыртууга карай" эл аралык конференциясына катышуунун алкагында күн мурун Катарда өткөн.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Катардын ортосундагы маданий кызматташтыкты арттыруу боюнча мындан аркы аракеттерди талкуулашты.

"Атап айтканда, Катар тарап эки тараптын кооз жерлери менен жакындан таанышуу максатында маданий мурастар, искусство тармагындагы жетекчилердин иш сапарлары менен алмашууну сунуштады. Министр Максутов өз кезегинде 2024-жылдын 24-январында Кыргыз Республикасынын Улуттук күнүн улантуу катары Катарда боло турган ЭКСПО-2023 көргөзмөсүнүн алкагында Кыргызстандын Катардагы маданият күндөрүн өткөрүүнү сунуштады", - деп айтылат маалыматта.

Өз кезегинде Катар тарап бардык пландаштырылган иш-чараларды өз тарабынан толук колдоого алат деп ишендирди.

Пикир

Оставить комментарий