• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Соцфондго төрт айда 28 миңге жакын арыз жана кайрылуу түшкөн

Коом 0

Бишкек, 30.05.22. /Кабар/. Социалдык фонддун жарандарды, арыздарды кабыл алуу жана калк менен иш алып баруу бөлүмүнө 2022-жылдын январь-апрель айларында 2 миң 674 арыз жана кайрылуу келип түшкөн.

Соцфонддон билдиришкендей, анын ичинен:

жазуу турундө кайрылуулар – 160;

ооз эки кайрылуулар – 204;

электрондук кайрылуулар – 78.

"2022-жылдын январь-апрель айларында келип түшкөн мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө маселелери боюнча толук түшүндүрмө берилди", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле төраганын орун басарлары жана аппарат жетекчиси тарабынан 38 жаран өздөрүнүн кабыл алуусунда болду жана кабыл алууда болгон суроо-талаптарына тиешелүү чаралар көрүлдү.

Андан тышкары, Социалдык фонддун 54-33-16, 57-66-67 “Ишеним телефону” жана 0555 64-04-16 “Уюлдук ишеним телефону” аркылуу мамлекеттик жана расмий тилде мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу чөйрөсүндө жеткиликтүү оозеки түшүндүрмөлөр берилип келүүдө.

Пикир

Оставить комментарий